www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Россия жана Кытайдын лидерлери Владимир Путин жана Си Цзиньпин менен байланышуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө комментарий берүүдөн баш тартып, бул багытта «иштер жакшы жүрүп жатат» деп билдирди.

Ак үйдө журналисттердин Путин менен акыркы жолу качан сүйлөшкөнү жана Украинадагы конфликтти токтотуу боюнча Си Цзиньпинден жооп алганбы деген суроолоруна жооп берип жатып: «Мен бул эки маселени комментарийлебейм. Бирок эки багытта тең иштерибиз абдан жакшы жүрүп жатат», — деп айтты Трамп (ТАСС цитатасы).

АКШ президенти Путин менен «мүмкүн болушунча тезирээк» жолугушууну каалаганын бир нече жолу билдирген. Вашингтондо авиакырсык болуп, анын ичинде россиялыктар каза тапкандан кийин Трамп орус лидери менен сүйлөшкөнбү деген суроого: «Жок, сүйлөшкөн жокмун. Бул тууралуу эмес», — деп жооп берген. Кийинчерээк Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков саясатчылардын ортосунда сүйлөшүү болгон эмес деп түшүндүрдү.

Россиянын президенти Москва сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген, бирок Кремлде Трамптын командасынан тиешелүү сигналдар ала электигин белгилешкен.

АКШ президенти менен Си Цзиньпиндин телефондук сүйлөшүүсү 17-январда, Трамптын инаугурациясынан бир нече күн мурун болгон. Республикачыл саясатчы Кытай лидерин Россия менен Украинанын ортосундагы согуштук конфликтти жөнгө салууга жардам берүүгө чакырган. Ал бул сүйлөшүүнү «Кытай үчүн да, АКШ үчүн да жакшы болгон» деп баалаган.

Последние новости