www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп түркиялык кесиптеши Режеп Тайып Эрдоганга диниятчы Фетхуллах Гүлен менен анын бир нече тарапташын өткөрүп берүү боюнча кадамдар жасалып жаткандыгын айткан. Гүлен түрк бийлиги тарабынан 2016-жылдын июлунда ишке ашпай калган аскерий төңкөрүш аракетине айыпталууда.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун Reuters агенттигине билдиргенине караганда, бул тууралуу эки лидер эки жума мурда Аргентинада өткөн «Чоң жыйырма» саммити учурунда жолукканда сөз болгон. Анкара дээрлик жыйырма жылдан бери АКШда жашап келаткан динаятчы Фетхуллах Гүленди өткөрүп алуу аракетин көрүүдө. АКШ болсо далилдер жетишсиз экендигин айтып, аны экстрадициялоодон баш тартып келет. Буга чейин Трамп журналист Жамаль Хашоггинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Анкара тараптан Сауд Арабиясына жасалып жаткан басымды азайтуу үчүн Гүленди Түркияга өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү караштырбай турганын айткан. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы демократ Билл Паскрелла Гүленди Түркияга өткөрүп берүү тууралуу ыктымал сүйлөшүүлөр «Трамптын диктаторлорго карата симпатиясы бар экендигин» көрсөтүп турат деп эсептейт. «АКШда жашап туруу укугуна ээ адамдын өлүмүнө сауд монархиясынын тиешеси бар экендигин жымсалдоо боюнча Трамптын аракетинде Гүлен пешка болууга татыксыз», — деп билдирди ал.
Булак: NazarNews.kg