www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Украинада шайлоо өткөрүүнүн зарылдыгы тууралуу дагы бир жолу айтып чыкты. Бул жолу ал Украинанын президентинин эл арасындагы колдоосу өтө төмөндөп кеткенин белгилеп, бирок Зеленскийге жеке жактан жакшы мамиледе экенин кошумчалады.
Бул тууралуу Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясындагы брифинг учурунда айтты. Бирок ал мындай маалыматты кайдан алганын тактаган жок.
"Украинада көптөн бери шайлоо өткөн жок. Өлкөдө аскердик абал өкүм сүрүп жатат. Лидери – муну айтууга туура келсе да – болгону 4% колдоо рейтинги менен калды", – деди Трамп.
Ал ошондой эле Украинанын "талкаланып бүткөнүн", Киевден башка көпчүлүк шаарлар "жер менен жексен болгонун" билдирди.
"Украин эли шайлоо өткөрүлбөгөнүнө көп убакыт болду деп айтууга акысы жокпу?" – деп суроо салган Трамп, бул анын жеке гана көз карашы эмес, "көптөгөн башка өлкөлөр да ушундай ойлойт" деп кошумчалады.
Бирок акыркы сурамжылоолорго ылайык, 2025-жылдын февралына карата украиналыктар эң көп ишенген адамдар – башкы колбашчы Валерий Залужный (61%) жана чалгын кызматынын жетекчиси Кирилл Буданов (50%). Үчүнчү орунда боксер Александр Усик (47,3%), ал эми учурдагы президент Владимир Зеленский 42% рейтинг менен төртүнчү орунда турат.
Чынында, Зеленскийдин рейтинги акырындап төмөндөп жатканы байкалганы менен, Трамп айткан 4% көрсөткүч чындыкка дал келбей турганы анык.
Ошентсе да, Трамп Зеленскийге жеке жактан жакшы мамиледе экенин белгилеп, "негизгиси – анын кандай иштеп жатканы" деп баса белгиледи.