www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы, 71 жаштагы Пол Манафорт коронавирус коркунучунан улам үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Пол Манафорт салык жашырып, банктык мыйзам бузууларга барганы үчүн айыпталып, 2018-жылы март айында үч жыл 11 айга эркинен ажыратылган. Прокуратура аны бул кылмышы үчүн 19-24 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Убагында Украинада, Филиппинде жана Африканын бир катар өлкөлөрүндө иштеген политтехнолог Пол Манафорт АКШда соңку президенттик шайлоодо Дональд Трамптын штабын жетектеген. Бирок Украинанын Аймактар партиясы ага 12,7 миллион доллар төлөгөнү жана ал салыктан качканы тууралуу кабарлар ачыкка чыккандан кийин штаб башчылыгынан кеткен. Манафорт күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Булак: NazarNews.org

Последние новости