www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министр Талантбек Солтобоевдин катышуусунда, ведомствого караштуу ишканалардын өкүлдөрү жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү менен Илимий-техникалык кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жыйында автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана оңдоо иштеринде инновациялык технологияларды жана заманбап материалдарды киргизүү маселелери каралды.
Күндүн тартиби боюнча техникалык илимдердин кандидаты, профессор Маданбеков Н.Ж. баяндама жасап, жол курууда колдонулуучу ресайклинг (кайра иштетип чыгуу) технологиясы боюнча маалымат берди.
Илимий-техникалык кеңештин жыйынында министрликтин алдындагы «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин директору Э.Таштаналиев муздак асфальт технологиялары тууралуу доклад жасап, бир катар талкуулар айтылды.
Жыйындын аягында министр Талантбек Солтобоев жол тармагын мындан ары өнүктүрүүдө заманбап технологияларды жана материалдарды колдонуу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле ал катышуучуларга активдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн жол инфраструктурасын өнүктүрүүдө биргелешкен иштин маанилүүлүгүн баса белгиледи.