www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
The Financial Times гезитинин маалыматы боюнча, мунайдын баасы дээрлик төрт жылдан бери биринчи жолу бир баррель үчүн 100 доллардан ашты.
Европадагы эталондук «Brent» маркасындагы мунай фьючерстери дүйшөмбү күнү, 9- мартта соода башталганда убактылуу 20%га жакын, баррелине (159 литр) 111,04 долларга чейин көтөрүлдү, деп билдирет «Reuters».
Буга АКШ менен Израилдин Иран менен болгон согушунан Жакынкы Чыгыштын эң ири өндүрүүчүлөрү өндүрүштү кыскартканы жана Перс булуңундагы мунайдын агымы бөгөттөлүшү себеп болду.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу дүйнөдөгү эң маанилүү мунай жеткирүү жолдорунун бири болгон Ормуз кысыгын тосуп койгон.
FT маалыматы боюнча, Сауд Арабиясы, БАЭ, Ирак жана Кувейт эми өндүрүштү азайтууга же кендерин толугу менен жаап салууга туура келет, анткени алар Перс булуңундагы мунайдын топтолушунан улам кампаларын толтуруп алуу коркунучунда турушат.
Ормуз кысыгы аркылуу Ирак, Сауд Арабиясы, Кувейт, Бахрейн, Катар жана БАЭ сыяктуу Перс булуңундагы өлкөлөрдөн дүйнөлүк мунайдын болжол менен 20 пайызы жана суюлтулган жаратылыш газынын 30 пайызга чейинкиси Азия рынокторуна ташылат.
Эксперттер бул "коридорду" жабуу энергия бааларынын кескин көтөрүлүшүнө алып келиши мүмкүн деп эскертишти.