www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия менен Орусия улуттук валютада эсептешет

Түркия менен Орусия өз ара эсептешүүлөр боюнча улуттук валютада, анын ичинде энергетика тармагында бир пикирге келишти. Бул тууралуу Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөңмез билдирди.

«Биздин Орусия менен соодабыз көптөгөн багыттар боюнча уланууда. Энергия, албетте, эң чоң чыгымдардын бири, бирок бул туризмге жана тамак-ашка да тиешелүү. Дээрлик 5-6 жылдан бери эки өлкөнүн лидерлери сооданы улуттук валюталар менен улантуу ниетин билдиришкен. Ушул убакка чейин бул процесс тездеди. Акыркы жолугушууларыбызда орус газын рубль менен төлөө боюнча келишим түзүлдү. Бул жаатта, албетте, кээ бир техникалык иштерди бүтүрүү керек», - дейт ал.

Ошол эле учурда Дөнмез Түркия менен Орусия Федерациясынын бул темада макулдашууга жетишкенин жана өлкөлөр ортосунда улуттук акчалар менен жарым-жартылай соода башталганын ырастады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости