www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажиктер товарларын Бажы Союзга: Орусия, Казакстанга жалаң биздин аймагыбыз аркылуу ташып, сырттан баардык өнөр жай жана башка товарларын өткөрүшөт. Андан тышкары Тажикстан Кытайдын товарларын да дээрлик Кыргызстан аркылуу ташып келгендиктен, бул жагынан да Кыргызстанга көз каранды. Баарынан да Тажикстандын экономикасы адам ыйлай турган абалда, калкынын 80%ы жакырчылыктын чегинде жашайт. Ишке жарамдуу эркектеринин дээрлик баардыгы миграцияга кетип, эли алардын эсебинен гана жашайт. Ошондуктан Э. Рахмондун тегерегиндеги эксперттери элди алагды кылып, бийликтин күнөөсүн актап жана президенттин айланасына бириктирүү үчүн сырткы душмандын образын ойлоп таап, кичинекей “жеңишти” камсыз кылуу зарылдыгын сунуш кылышса керек. Мындан тажик бийлиги элинин мекенчилдик сезимин козгоп, жек көрүүчүлүк психологиясын сыртка чыгарууну көздөгөндүгү көрүнүп эле турат. Бирок алардын мындай “стратегиясы” чоң катачылык болууда. Мисалы, бир эле Кыргызстандын чек арасын жөн эле жаап коюусу Тажикстандын экономикасын сызга отургузуп, ансыз деле начар социалдык абалын ого бетер күчөтүп жиберди.

Кыргыздар бүгүнкү күндө тажиктердин эрте бышкан сабиз, пияз, бадыраң, помидор, гиластарын сата албай же сатса да өз баасын актабай, таштандыга ыргытканга чейин барып жаткандыгын айтып, социалдык тармактардагы видеолордон көрүп жатабыз.  Эгер статистикага кайрыла турган болсок, Кыргызстандын Тажикстан менен соода-сатыгы болгону сырткы товар жүгүртүүнүн 1%ын гана түзөт. Ошондуктан биз үчүн бир пайызды жоготуунун зыяны деле жок же Тажикстан Кыргызстан үчүн экономикалык өнөктөш болуп саналбайт. Биз Тажикстан аркылуу үчүнчү өлкөлөргө эч нерсе чыгарбайбыз.

Ошол эле учурда биз аларга өтө керектүү экономикалык өнөктөшпүз. Биринчиден, алар ичкен жана сугат суунун көп бөлүгүн бизден алышат. Экинчиден, ошол жашылча-жемиштерин Орусия, Казакстанга жалаң биздин аймагыбыз аркылуу ташып, сырттан баардык өнөр жай жана башка товарларын өткөрүшөт. Эмгек мигранттары да 90% геграфиялык жактан жана самолет, транспорт баасынын арзандыгынан Кыргызстан аркылуу катташат. Дагы бир белгилеп коё турган жагдай, Тажикстан дээрлик агрардык өлкө болгондуктан, алардын товары дүйнөлүк рынокто айрым гана өнөр жай элементтерин эске албаганда, ЕАЭБден башка аймакта керек эмес жана атаандаштыкты түзө албайт. Бир чети Тажикстан ЕАЭБдин мүчөсү болбогондуктан жана Кыргызстан бул уюмдун мүчөсү болгондуктан, алар өз продукциясын Кыргызстан аркылуу гана ташый алат.

Өзбекстан болсо ЕАЭБге мүчө болбогондуктан, өткөрө албайт. Экинчиден, Өзбекстан Тажикстандын чоң атаандашы. Мындан тышкары Өзбекстан тажиктердин жашылча-жемиштерин өткөргөн менен салык төлөмдөрүн көбөйтүп койгондуктан, үчүнчү өлкөгө алпарып сатуу үчүн жол чыгымы эле сатылган акчасына жетпей калат.

Тажикстан Кытайдын товарларын да дээрлик Кыргызстан аркылуу ташып келгендиктен, бул жагынан да туңгуюкка кабылды. Айтор, Кыргызстандын экономикалык блокадасынан Тажикстанда азыр коондун килосу көтөрүлүп, бадыраңды сайга эле ыргытууга мажбур болуп, өздөрү өндүргөн жер-жемиштер коммунизм доорунда болбогондой арзанчылык болсо, экинчи жагынан сырттан ташылган өнөржай товарлары, мисалы, бензиндин баасы асманга чыгып кетти. Бирок Тажикстан Кытай менен чектешсе да шарты татаал Тоолуу Бадахшан аркылуу жол сала албайт. Кытай үчүн деле чоң каражат коротуштун кереги жок. Бир чети ал аймакта жоочулардын кол салуу коркунучу чоң.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости