www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү.
«TRT Haber» билдиргендей, Түркия тарап Путинге орус-украин сүйлөшүүлөрү үчүн аянтча берүүгө даяр экенин билдирген.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын президенти Россиянын президентинин 15-майда Стамбулда түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүү демилгесин толугу менен колдоду деп жарыялады.
11-майга караган түнү Владимир Путин Кремлде сөз сүйлөп, анда Украинага 2022-жылы үзгүлтүккө учураган түз сүйлөшүүлөрдү 15-майдан баштап Стамбулда эч кандай шарттарсыз кайра баштоону сунуштаган.
Сунуш Украинанын бийлиги 12-май дүйшөмбүдөн тарта кургакта, абада жана деңизде 30 күнгө толук түрдө ок атууну токтотууга даяр экенин жарыялагандан кийин жасалды. Мындай чечим тууралуу Киевге Эммануэл Макрон, Дональд Туск, Кир Стармер жана Фридрих Мерц баргандан кийин жарыяланган.
Путиндин сөзүнөн кийин Киев Россия 30 күндүк тынчтыкты карманса гана Украина тарап жолугушууга даяр экендигин билдирди.