www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-майда социалдык тармактарда жоокерлер кордолгон видео тараган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул окуя 2025-жылдын февраль айында болгонун билдирди.
«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскердик бөлүгүндө 2025-жылдын февраль айында уставдык тартип жана кызматтык тартиптин одоно бузулушу катталган.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен бул факт боюнча ички иликтөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында аскердик бөлүктүн командалык курамы жана окуяга тиешеси бар аскер кызматкери катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылган. Жарандык жана кызматтык жоопкерчиликти бузган кызматкерлер ээлеген кызматтарынан бошотулган.
11-майда окуя тууралуу коомчулукка белгилүү болгондон кийин министр Б.Ажикеев жана анын биринчи орун басары А.Мамбетов аскердик бөлүккө барып, аскер кызматчыларынын ата-энелери менен жолугуп, кырдаалды жеринен дагы бир ирет баалашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтин жетекчилиги ата-энелер менен ачык диалог жүргүзүп, буга чейин көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат беришти. Министр мындай учурларда өз убагында министрликке, Аскер кызматчыларынын ата-энелеринин коомдук бирикмелерине жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Аскерлер үчүн шарттарды жакшыртуу, анын ичинде спорттук инвентар менен камсыз кылуу жана дене тарбияга убакыт бөлүү маселелери көтөрүлдү.
Жоокерлердин моралдык-психологиялык абалын бекемдөөгө да көңүл бурулду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уставдык жана кызматтык тартипти бузган бардык көрүнүштөрдү кескин айыптап, мындай учурларга карата катуу тартиптик чаралар көрүлөрүн белгилейт», - деп айтылат расмий маалыматта.