www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия жана Сирияда үчүнчү ирээт жер силкинди

Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматына караганда, Түркиянын түштүк-чыгышында Сирия менен чек арага жакын жерде күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө саат 10:11де (жергиликтүү убакыт боюнча) катталган. Жер титирөөнүн очогу Малатиядан 33 чакырым түштүк-чыгышта жана Синджик шаарынан 16 чакырым түндүктө жайгашкан. Жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте болгон.

Бүгүн эртең менен Түркиянын борбордук бөлүгүндө күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Анкарадан 43 чакырым, Бесни шаарынан 13 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. Очок да 10 км тереңдикте болгон.

Эскерте кетсек, кечээ, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында болгон катуу жер титирөөнүн кесепетинен өлкөдө курмандыктардын саны 3381 адамга жетип, 20 436  адам жаракат алган.

Кийинчерээк Түркияда күчү дагы бир 7,7 баллга жеткен жаңы жер титирөө катталган. Ал эми бүгүн таңда өлкөнүн борбордук бөлүгүндө күчү 5,6 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды.

Буга байланыштуу өлкөдө 7 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.

Ал эми Сирияда акыркы маалыматтарга тансак, жалпысынан 1440 адам көз жумду.

Ошентип, 2 күндүн ичинде Сирия жана Түркияда 3 жолу жер силкинди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости