www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын “Хатайспор” клубунун башкы машыктыруучусу Мустафа Озат команданын оюнчусу Кристиан Ацу Түркиядагы жер титирөөдөн кийин урандылардын астынан табылганын билдирди. Бул тууралуу “Радёголь” кабарлады.
Белгилүү болгондой, спортчу табият кырсыгынан кийин имараттардын урашынан улам жабыркаган.
«Кристиан Ацу жарадар болуп табылган. Биздин спорттук директор Танер Савут, тилекке каршы дагы эле урандылардын астында", - дейт Мустафа Озат.
Жабыркаган Ацунун дароо ооруканага жеткирилгени белгиленди.
Маалымат үчүн айта кетсек, Кристиан Ацу 1992-жылы Ганада төрөлгөн.
Кристиан Европанын Челси, Ньюкасл, Эвертон жана башка бир катар клубдарында ойногон.
Эскерте кетсек, 6-февралда Түркияда күчү 7,4 баллга жеткен (айрым маалымат булактарында 7,9 деп айтылат) жер титирөө болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, 3281ден ашуун адам каза болуп, дагы 20426 адам жарадар болгон.
Булак: NazarNews.kg