www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы жер титирөөдөн кийинки материалдык чыгым эки триллион лирди түздү (105 миллиард доллар). Бул тууралуу өлкөнүн Финансы министрлиги билдирди.

Эске салсак, Түркиянын Кахраманмараш провинциясында февраль айында магнитудасы 7,7 жана 7,6га жеткен жер титирөө болгон. Эпкини 11 провинцияда жана коңшу Сирияга да тийди. Кырсыктын кесепетинен 49 миңден ашык адам курман болду.

“Жер титирөөдөн кийинки материалдык чыгым эки триллион лирди түздү. Бул 1999-жылы Мрамор деңизинин аймагында болгон жер титирөөдөгү чыгымдан болжол менен 6 эсе көп. Көрсөтүлгөн сумма 2023-жылга карата күтүлүп жаткан улуттук кирешенин 9 пайызын түзөт”, - деп Финансы министрлиги билдиргенин TRT Haber телеканалы жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости