www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө милиционерлер адам өлтүрүү кылмышын ыкчам ачышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-март күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Балыкчы-Чолпон–Ата-Каракол автожолунан 25 метр аралыкта, Өрнөк айылынын күн батыш бөлүгүндө белгисиз адамдын өлүгү табылгандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардан телефон аркылуу билдирүү келип түшкөн.

Бул маалымат боюнча окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери жана жетекчилиги дароо келишкен. Текшерүү учурунда эстакаданын жанынан 30-35 жаш курактагы азия улутундагы эркек адамдын киши колдуу болгон жансыз денеси табылган.

Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, тергөө кызматы тарыбанан Кыргыз Республикасынын Кылмыш – жаза кодексинин 122 (Адам өлтүрүү) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө райондук милициянын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан каза болгон адамдын ким экендиги аныкташкан. Ал, Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы курулушта убактылуу иштеген Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну Ч. Н. болуп чыкты.

Андан аркы жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн изине чыгышып, аларды кармашты. Алар, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынын тургундары 27 жаштагы И.Б., 28 жаштагы К.Ж., 24 жаштагы Ж.А. жана 28 жаштагы К.К. болуп чыгышты. Алдын ала суракта, шектүү катары кармалышкан жарандар жасаган кылмышы үчүн өздөрүнүн күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышты.

Шектүүлөрдүн айтымында, жабырлануучу менен 27 жаштагы И.Б. ортосунда жеке пикир келишпес мамиле түзүлгөн. Натыйжада, 13-март күнү И.Б. достору менен жабырлануучуну курулуштан чакырып, андан кийин аны автоунаа менен Өрнөк айылына алып чыгып, ал жерден сабап өлтүрүшкөн.

Шектүүлөр райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди жана сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганча УКЖга киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости