www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда кайрадан теракт болду

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбакыр шаарында унаа жардырылып, тогуз полиция кызматкери жаракат алганын жергиликтүү бийлик Twitter баракчасына жазды.

"Полиция кызматкерлерин ташыган брондолгон автобус жолдон өтүп баратканда жардыргыч зат орнотулган унаа жардырылып, тогуз полиция кызматкери жараат алды", — деп айтылат маалыматта.

Окуя Диярбакыр-Мардин жолунда  эртең мененки саат 08:10дор чамасында болгон. Жардыруучу зат жол боюнда токтоп турган унаага орнотулуп, автобус өтүп баратканда алыстан жардырылган.

Бийлик окуяны теракт деп атады.

"Полиция кызматкерлери ооруканага жаткырылды, алардын өмүрүнө коркунуч жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Окуя болгон жерге коопсуздук күчтөрү тартылып, жеринде иш алып барууда.

Эске салсак, 13-ноябрда Стамбулдун борборундагы жөө адамдар өтүүчү Истиклал көчөсүндө теракт болгон. Натыйжада алты адам каза болуп, дагы 81и жарадар болгон. Чабуулду уюштурууга шектелип, 50 адам кармалган. Алардын арасында жардырууну жасаган деп шектелген Сириянын жараны Ахлам Альбашир да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости