www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин 19-декабрда Минскиге иш сапары менен келип, Александр Лукашенко менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөөрүн беларус лидеринин маалымат кызматы билдирди.

Президенттер коопсуздук маселелерине артыкчылык берип, аймактагы жана дүйнөдөгү кырдаал боюнча пикир алмашат жана пайда болгон чакырыктарга биргелешкен жоопторду талкуулашат.

Путин менен Лукашенко биримдик программаларын ишке ашыруу, соода-экономикалык кызматташтык жана импортту алмаштыруу маселелерин кеңири талкуулашары пландалууда.

Саммиттин жыйыны Эгемендүүлүк ордосунда өтөт. Биринчиден, президенттердин, өкмөт мүчөлөрүнүн, ведомстволордун жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр пландалууда.

Анда эки өлкөнүн лидерлери жекеме-жеке форматта баарлашат. Андан соң алар билдирүү жасап, журналисттердин суроолоруна жооп бериши күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости