www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын чыгышындагы Наманган облусунда түн ичинде 13 дүкөндү тоноп кеткен ууруну милиция кызматкерлери кармаганын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"Кармалган адам Миңбулак районунда жайгашкан дүкөндөргө тымызын көзөмөл жүргүзгөн. Андан соң бир түндүн ичинде 13 дүкөндө уурулук жасап, 130 миллион сумдук (11,6 миң доллар) товарды уурдап кеткен", — деп айтылат Наманган РИИБинин маалыматында. 

Кармалган жаран буга чейин уурулук боюнча төрт жолу соттолгон. Быйыл анын жазасы жеңилдетилип, эркинен ажыратуу жазасы түзөтүү жумуштарына алмаштырылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренесинин 3-бөлүгү (уурулук) боюнча кылмыш иши козголду. Ал киши 8 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости