www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Малатия аймагында зилзалада бир өзбек жараны каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мындан тышкары дагы төрт өзбекстандык дайынсыз болууда. Издөө-куткаруу иштери уланууда.
Өзбекстан жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам берүү үчүн Түркияга куткаруучуларын жөнөткөн. Алар 10 миңден ашуун этникалык өзбек жашаган Хатай облусунун Овакент айылында издөө-куткаруу иштерине киришти.
Түркиянын Кахраманмараш шаарында эл аралык мелдешке катышып жаткан өзбекстандык спортчулар жер титирөөнүн очогунан чыгарылып, Анкарага жеткирилди.
Эскерте кетсек, кечээ, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында болгон катуу жер титирөөнүн кесепетинен өлкөдө курмандыктардын саны 3381 адамга жетип, 20 436 адам жаракат алган.
Кийинчерээк Түркияда күчү дагы бир 7,7 баллга жеткен жаңы жер титирөө катталган. Ал эми бүгүн таңда өлкөнүн борбордук бөлүгүндө күчү 5,6 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды.
Буга байланыштуу өлкөдө 7 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.
Ал эми Сирияда акыркы маалыматтарга тансак, жалпысынан 1440 адам көз жумду.
Булак: NazarNews.kg