www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы жер титирөөдө «Сивасспор» футбол клубунун машыктыруучусу Айхан Тенбелоглу үй-бүлөсүнүн 15 мүчөсүн жоготту.  Бул тууралуу «Ensonhaber» басылмасы Түркиянын командасынын башкы машыктыруучусу Рыза Чалымбайга таянуу менен билдирди.

«Бул абдан өкүнүчтүү окуя болду. Биз Сивастабыз, бирок абдан нес болдук. Эртең менен ойгоноор замат азыр мурдагы жардамчыма телефон чалдым. Мен абалды билгим келди. Менин жардамчым Айхандын 15 үй-бүлө мүчөсү каза болду», — деди ал. 

Эскерте кетсек, кечээ, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында болгон катуу жер титирөөнүн кесепетинен өлкөдө курмандыктардын саны 3381 адамга жетип, 20 436  адам жаракат алган.

Кийинчерээк Түркияда күчү дагы бир 7,7 баллга жеткен жаңы жер титирөө катталган. Ал эми бүгүн таңда өлкөнүн борбордук бөлүгүндө күчү 5,6 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды.

Буга байланыштуу өлкөдө 7 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.

Ал эми Сирияда акыркы маалыматтарга тансак, жалпысынан 1440 адам көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

​​​​​​​

Последние новости