www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда 29 саат бою урандынын алдында жаткан 2 айлык ымыркай аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Түрк ЖМКлары жазды.

Маалыматка караганда, куткаруучулары ымыркайдын ыйлап жатканын угуп калышкан. Ал бир күндөн ашык, 0 градуста урандылардын астында жаткан. 

Эскерте кетсек, кечээ, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында болгон катуу жер титирөөнүн кесепетинен өлкөдө курмандыктардын саны 3381 адамга жетип, 20 436  адам жаракат алган.

Кийинчерээк Түркияда күчү дагы бир 7,7 баллга жеткен жаңы жер титирөө катталган. Ал эми бүгүн таңда өлкөнүн борбордук бөлүгүндө күчү 5,6 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды.

Буга байланыштуу өлкөдө 7 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.

Ал эми Сирияда акыркы маалыматтарга тансак, жалпысынан 1440 адам көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости