www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сердар Бердымухамедов мамлекеттик сапар менен Катарга келди.

7 документтен турган пакет Түркмөнстан менен Катар мамлекетинин келишимдик-укуктук базасын толуктады. Аларга 2023-жылдын 20-мартында Доха шаарында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кол коюлган.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттигинин маалыматына караганда, мамлекет башчыларынын катышуусунда төмөндөгүлөргө кол коюлду:

Түркмөнстан Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Түркмөнстандын Башкы прокуратурасы менен Катар Мамлекетинин Мамлекеттик прокуратурасынын ортосундагы прокуратура тармагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Түркмөнстан Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы жаштар жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Түркмөнстандын Спорт боюнча мамлекеттик комитети менен Катар Мамлекетинин Маданият жана спорт министрлигинин ортосунда спорт тармагында 2023-2024-жылдарга кызматташтык программасы;

Түркмөнстан Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды алга жылдыруу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;

Түркмөнстандын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги менен Катар Мамлекетинин Эмгек министрлигинин ортосундагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Түркмөнстандын өкмөтү менен Катар мамлекетинин өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды алып салуу жөнүндө макулдашуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости