www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстандын айрым аймактарында бийлик сакал койгон жана ырааттуу түрдө мечиттерге барган эркектердин изине кайрадан түшүүдө. Ушул тапта Түркмөнбашы шаарында Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери сакалчан кишилерге карата рейддерди өткөрүүдө.
Кармалгандар полиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, ал жерде сакалдарын алууга мажбурланууда. Бюджеттик мекеме-ишканаларда мечиттерге барып намаз окууга оозеки түрдө тыюу салынды. Буйрукту аткарбагандар иштен айдалышы мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бийлик бул боюнча түшүндүрмө берген жок. Бирок 1,5 сантиметрден узун сакал койгон кишилер диний экстремизмге шектелиши ыктымал экенин эскертишкен. "Полиция бөлүмдөрүндө эркектер күн сайын сакалдарын алып жүрүү жөнүндө тилкат жазып берип, Куран кармап ант берүүгө мажбурланууда", - деди түркмөнабаддык жашоочулардын бири.
Түркмөнстан көп жылдардан бери АКШнын Мамлекеттик департаменти түзгөн диний эркиндиктин тизмесинде "өзгөчө кабатырлануунун жараткан" өлкөлөрдүн катарында болуп келет.
Булак: NazarNews.kg