www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польшанын, Литванын, Латвиянын жана Эстониянын президенттери Анджей Дуда, Гитанас Науседа, Эгилс Левиц жана Алар Карис Киевге жөнөп кетишти. Бул тууралуу Науседа Твиттерде билдирди.

«Биз Киевге саясий колдоо жана аскердик жардам көрсөтүү боюнча күчтүү билдирүү менен бара жатабыз. Литва Украинанын эгемендиги жана эркиндиги үчүн күрөшүн мындан ары да колдойт. Жеңиш үчүн бирге!”, - деп жазды.

Киевде лидерлер Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушат. Жыйында украин армиясына жана жарандарга жардам көрсөтүү, ошондой эле күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн аскердик кылмыштарды иликтөө маселелери талкууланмакчы.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 9-апрелинде Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Киевге барган.

Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен жана Евробиримдиктин тышкы иштер министри Жозеп Боррел да Украинанын Буча шаарына барышты.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости