www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Дүйшөмбү шаарына өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапар менен барып калса, Тажикстандын Ак үйүнүн төбөсүндө бир чукча отурат имиш.

-Эй, ал жакта эмнеге отурасыз? - дейт Мухаммедкалый Абылгазиев.

-Мен Тажикстандын президенти Улуу урматтуу Эмомали Рахмонго каршы күчтөргө абай салып турам. Эгер ага каршы күчтөр чогулуп жаткан болсо, көз ачып жумгуча тиешелүү жерлерге билдирип турам.-дейт.

-Канча айлык аласыз?-дейт, Мухаммедкалый Абылгазиев.

-10 миң сомони.-дейт.

-Сиз мага жагып калдыңыз. Сизге 100 миң сом айлык төлөйүн, биздин Кыргызстанга келип иштеп бербейсизби? - дейт.

-Чукча келесоо эмес, түбөлүк аз айлыктуу ишти, убактылуу көп айлыктуу ишке алмашпайт. – дейт.

Эмомали Рахмон 90-жылдардын башынан Тажикстанды жетектеп келатат. Бизде бешинчи президент.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости