www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр УКМКда, Коопсуздук Кеңеши да президентке баш ийет", - деди бүгүн, 16-августта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турат Мадылбеков.

- Турат агай, УКМК жабык орган болушу керекпи же ачык болушу керекпи?

- Мен УКМК жабык орган болуш керек дегенге таптакыр макул эмесмин. УКМК союз учурунда толук жабык орган болчу. Ал жакка кирген чыккан киши билинчү эмес. Атамбаев АКСти түзгөндөн кийин УКМКнын иши ачык билине баштады. Эгер УКМК коррупция менен күрөшсө, анда бул тарабынан ачык болушу керек. Анткени, УКМК бул тарабынан коомчулук менен иштейт. Ошон үчүн коррупциялык иштер боюнча маалыматтарды берип турушу керек. Анткени, Кыргызстан коррупцияга белчесинен баткан. Бул жагынан УКМКга ыйгарым укук берилип жатат. Ошон үчүн УКМК коомчулукка маалымат берип турушу керек.

Эгер коррупциялык иштер боюнча маалымат берилбей калса, эл туура эмес түшүнүп алат. Эл арасында камалгандарды тергөө менен кызматташты деп бошотконун эл да эмне болгон кызматташуу деп күтүп жатат. Ошон үчүн камалгандар эмне үчүн кызматташты, эмнени далилдеп бергенинин баары элге ачык айтылып, коомчулукка туура маалымат берилиши керек. Анткени, азыр коом өзгөргөн. Ошондуктан, УКМК да өзгөрүп, элге камалган адам эмне үчүн бошотулганы боюнча ачык маалымат берип турушу керек. Тагыраагы, элге так маалыматтар жетип турушу керек.

- Масадыковдун УКМКнын жетекчисине кеңеш берем дегени туурабы?

- Коопсуздук Кеңешинин "положениесин" билбейм. Бирок, алар президенттин көрсөтмөсүнүн негизинде маек беришет. Айтыла турган сөздүн баары президенттин макулдугу менен болушу керек. Өзү каалагандай айта бербеши керек. Коопсуздук Кеңешинин орун басары УКМКнын жетекчиси менен тааныша элекмин. Ага кеңешимди берем дегендей айтып жатпайбы. Чынында алардын кеңеш бере турган деле укугу жок. Алар ар бир жетекчи менен бирдикте иштеши керек. Мына ошондо алардын дагы жумуштары жүрөт. Же болбосо алар президенттин тапшырмасы менен гана керектүү тармакка президенттин атынан гана кирише алышат. Азыр УКМКда, Коопсуздук Кеңеши да президентке баш ийет. Булардын бирин өйдө, бирин ылдый көрбөш керек. Булар мамлекеттин коопсуздугу үчүн бирдикте иш алып барышы зарыл.

- Баса, Т. Масадыков саясий куугунтук болбош керек. Камактагы саясатчыларды коё бериш керек дегендей ойду кыйытты го?

- Азыр тактап алышыбыз керек. Анткени, камалган кишинин баары эле саясий куугунтук болуп жатат дей берген болбойт. Эгер экономикалык кылмыш, кыргыз элинин байлыгына коррупциялык схемалар менен кол сала турган болсо, аларды эч качан жеңилдик бербеш керек. Саясий куугунтук деп баарын чыгарып жибергенди туура эмес көрөм. Ар бири жасаган иштерине жараша жоопко тартылып, өз энчисин алышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости