www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чек аранын башка жагынын баары жабылып, өзбек тарап, ошол жол менен гана кирип чыгып турушат», - деди бүгүн, 15-мартта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турат Малдыбеков.

- Турат мырза, Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарын жемиштүү болду дегендер, ошол эле мезгилде сындагандар «Сох анклавына коридор ачууга макул болду, Баткен анклав болуп калат» деп нааразы болгондор да көбөйдү. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Бири билип, бири билбей эле сүйлөп, нааразы болуп жатышат. Чынында Сохко коридор эмес, КПП ачыла турган болду. КППнын ачылганы эки мамлекет үчүн тең жакшы. Негизи мындай маселелерди тирешүү жолу менен эмес, ушундай сүйлөшүү жолу менен чечип, ынтымактуу иш алып барганыбыз туура.

Буюрса, Сох анклав менен чектешкен жерге КПП ачылып, көзөмөл посту курулат. Чек аранын башка жагынын баары жабылып, өзбек тарап, ошол жол менен гана кирип чыгып турушат. Баткен анклав деле болбойт. Ошон үчүн КППдан кооптонуштун деле кажети жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости