www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоламан шири кийип маңкурт болсо, бизди башка эле улуттар өздөрүнүн маданиятын таңуулап отуруп маңкурт кылып бүтмөй болду. Мындай пикирин журналист Турдайым Кожомбердиева билдирди.

"Жакында, Кыяс Молдокасымов агай жакшы пост жазды. " Жакынкы жылдары суу тартыштыгы баштала тургандай эле, илимге, билимге да муктаждык болот" дегендей.

Бул деген сөз көп нерседен кабар берет. Мисалы, КР эгемендүүлүк алгандан бери мектеп базасын толук эмес, тагыраагы 9-класстын билими менен мектептен кеткен окуучулар бүгүн ата-эне... Албетте, кимдир бирөөнүн намысына шек келтирүүдөн алысмын. Айтайын дегеним, кандай болгон күндө көп окуган жакшы. Билим - сенин өздүгүңдү тактап берет. Тарых тастыктайт. 

А Европанын же Арабиянын маданияты бизге эмне кылып берет? 

Карап көрүңүз, сиз Арабиянын маданиятына же Европанын маданиятына сиңип кете аласызбы? Негизи, алар сизди "батырабы"? 

Маселе ушунда... Сиз төрүңүздү таштап, бирөөнүн улагасында отуруунун кажети барбы? Дегеле, кыргыз баласы, качан чөгөлөдү? Ата-бабаң ким эле? Сен ким болдуң? Эртең балаң ким болот? Өзүбүзгө өзүбүз суроо берип, абийир алдында чындыкка карап көрбөйлүбү.

Жоламан болбойлучу! Жоламан шири кийип маңкурт болсо, бизди башка эле улуттар өздөрүнүн маданиятын таңуулап отуруп маңкурт кылып бүтмөй болду го. 

Арап болуп, батышчыл болуп эмне кереги бар? Теңирчи, батышчыл, арапкул деген түшүнүк кечээ эле чыкты. Ата-бабабыз кыргыз болуп жаралып, кыргызча эле өткөн. Мусулманчылыкты дагы туура колдонгон. 

Биз тарыхы түптүү элбиз. Биз тарыхтан эмне үчүн чанышыбыз керек. Тарых - биздин кийимибизди, маданиятыбызды көрсөтүп турат", - дейт Кожомбердиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости