www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова менен вице-президенти Александр Валитов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат максаттарды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттардын “ири көлөмдө ысырап кылынышын”, алардын максатсыз пайдаланылышын, фонддун жетекчилеринин негизсиз көп айлыктарын жана жогорулатылган баада объектилерди курууну ачыкка чыгарганы айтылат.

“Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Фонддо тинтүү жүргүзүлүп, тергөөгө тиешелүү финансылык документтер алынган. Алынган документтердин алдын ала талдоосу көрсөткөндөй, 2022-жылы фондго өлкө бюджетинен 1 миллиард сом бөлүнгөн, анын 608 миллион сомдон ашыгы туризмди өнүктүрүү жаатындагы бир катар долбоорлорго жумшалган. Алсак, 21 эс алуу пунктун куруу боюнча долбоордун алкагында подрядчылар келишимдин суммасынын 100 пайызын — 105 миллион сомдон ашык акча каражатын алышкан. Бир дагы объект ишке берилген эмес, долбоордук-сметалык документтери, аткарылган иштердин актылары жана каржылоонун негиздемеси жок”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Жекече эс алуу пункттарын куруунун баасы, алдын ала маалыматтар боюнча эки эсеге жакын көбөйгөн жана 13 миллион сомдон ашык каражатты түзөт.

Туристтик объектилерди өнүктүрүү боюнча концептуалдык идеяларды даярдоо боюнча чет өлкөлүк компаниялар менен түзүлгөн көптөгөн келишимдер өзгөчө көңүл бурууга татыктуу экенин белгилешти. Ар бир келишимдин баасы 40 миңден 256 миң еврого чейин өзгөрүп, буга чейин 715 миң евродон ашык сарпталган.

“Бул келишимдерде эч кандай техникалык шарттары, долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу каралган эмес, долбоорлордун эсекиздерин даярдоо менен гана чектелет. Фонддун кызматкерлери аларды тергөөгө көрсөтө алышкан эмес.

Фонд жеке компанияларга эч кандай бизнес-пландары жок жана бул долбоорлордун келечеги бүдөмүк болгон арыздардын негизинде жеңилдетилген шартта насыяларды берген. Бул максаттарга фонд тарабынан 65 миллион сомдон ашык каражат жумшалды. Мындан тышкары, аларга менеджмент үчүн ашыкча жогорку маяна берилген, ошондой эле туризм тармагында тажрыйбасы жок чет элдик консультанттар тартылган. Фондго айына 6 миң доллардан ашык маяна белгиленген, алардын ишинин натыйжасы көрүнбөйт. Мамлекетке келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо үчүн аудит жүргүзүлүп, керектүү экспертизаларды дайындоо пландалууда”, - деп билдиришти ведомстводон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган фонддун президенти К.Е.А. жана вице-президент В.А.И. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова, ал эми вице-президенти Александр Валитов.

Эске сала кетсек, буга чейин Туризмди өнүктүрүү фондунун кеңсеси жана уюмдун жетекчисинин үйү тинтүүгө алынган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети туристтер үчүн эс алуу жайларын куруу долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости