www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Праганын билдирүүсүндө Россия мамлекетинин дипломатиялык корпусу мындан ары пайдаланган жер үчүн акы төлөйт. 

Чехия өкмөтү советтик доордо кабыл алынган Токтомду жокко чыгарып, Прага шаарында жана башка шаарлардагы элчиликтин өкүлдөрүнүн жер аянттарын пайдалануу укуктарын чектеди.  

Бул окуя Украинадагы согуш башталгандан бери Прага менен Москванын ортосундагы эки жылдан бери уланып келе жаткан дипломатиялык чыр-чатактардын кезектеги кадамы болуп калды. 

1970-80-жылдары коммунисттик лидерлердин чечиминде кабыл алынып, кийин Россиянын карамагына өткөн ондогон жер тилкелерин Чехия өкмөтү өзүнүн Токтому менен жокко чыгарды. 

Чехия ТИМинин билдирүүсү боюнча мындан ары «Россия пайдаланган жер тилкелеринин ижара акысын төлөп» турмакчы. Россиянын Прагадагы элчилиги бул Токтом туурасында расмий билдирүү тарата элек.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости