www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мамлекеттик карызы учурда 5 млрд. 623 млн. долларды түздү. Алмазбек Атамбаев бийликти өткөрүп бергенден кийин, соңку беш жыл аралыгында карызга кошулган каражат дээрлик 1 млрд. доллардан ашты. Ал эми Садыр Жапаров эки тизгин, бир чылбырды алгандан бери эле карыздын көлөмү 700 миллион долларга көбөйгөн.

Бийликти жактаган мамлекеттик маалымат кажалаттары, фейк-троллдор, “жаңы бийлик тыштан карыз алган жок” дешип, 
элди жалган маалыматтык манипуляция менен канчалык сугарып жатышкан менен статистика таптакыр башканы көрсөтүп жатат.

Сөзүбүз кургак болбош үчүн акыркы эле беш жылдын аралыгындагы "Азаттык" талдаган фактыларга көңүл бурсак жетиштүү болот.

Тактап айтканда, Сооронбай Жээнбеков бийликке  келгенине бир жарым жылга аяк баскан 2019-жылдын 31-мартында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 452,22 млн. доллар болчу. 2023-жылдын 31-мартына карата өлкөнүн бересеси 5 млрд. 623,14 млн. долларды түздү.

Башкача айтканда, беш жылда сумма 1 млрд. 170,92 долларга көбөйдү.

Сооронбай Жээнбековдун тушунда 2020-жылы коронавирус пандемиясы менен күрөшүүгө сырттан ири сумма алынган. Азыркы бийлик алган карыздарды сөз кылуу үчүн 2021-жылдагы сан менен салыштыралы.

Себеби, Садыр Жапаров ошол жылдын башында толук кандуу президент катары ишке киришкен.

2021-жылдын 31-мартында карыздын көлөмү 4 млрд. 905,49 млн. доллар эле. Ошондо үч жылдан бери жалпы карыз 717,65 долларга өскөн.

Бул боюнча Каржы министрлигинин Мамлекеттик карызды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Умутжан Аманбаевдин айтканы боюнча, азыркы бийликтин учурунда бул 717 миллион доллардын 350 миллиону тышкы карыздан, 350 миллиону ички карыздан көбөйгөн. 

Мурда ички карыз 500-600 миллион доллардын тегерегинде гана болчу. Учурда анын суммасы 1 млрд. 112,06 млн. долларга жетип отурат. Улуттук валютага чакканда 100 миллиард сомго жакын каражат.

Башка жагынан алганда тышкы карыз деле өскөнүн жогорудагы сандардан көрүп жатабыз. Тышкы карыз беш жыл мурда болгону 3 млрд. 792,46 млн. доллар болсо, азыр мунун көлөмү 4 млрд. 511,09 млн. долларга жетти.

Ошого карабастан, бийлик карызды төлөөдө маселе жоктугун, бардык төлөм операциялары өз убагында тейленип жатканын билдирүүдө.

Президент Садыр Жапаров карызды төлөп салууга мүмкүнчүлүк бардыгын, бирок баарын дароо төлөп салуу мамлекет үчүн пайдасыз экенин айтты. 

Ошол эле учурда, быйылкы бюджеттин тартыштыгы 22 миллиард сомду чапчыды. Бири-бирине коошпогон цифралардан баш адашат. Бийлик болсо мааниси жок манипуляциядан чарчабады...

Булак:NazarNews.kg

Последние новости