www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда иштетилген Россиялык нефтини Евросоюз мамлекеттерине экспорттоого тыюу салуу маселеси бир жактуу колдоого ээ болгон жок. Бул маселени Японияда өткөрүлүп жаткан «Чоң жетиликке» кирген мамлекеттердин лидерлери да талкуулашмакчы.  

Россияга каршы санкциялардын 11-пакетине туура келип калгандыгына карабастан Индия мамлекетин мындай ишмердиктен баш тарттыруу мүмкүн эместей. 
Financial Times гезитине берген маегинде Евросоюздун дипломатиялык корпусунун башчысы Жозеп Боррель Евросоюзду «Индияга каршы чара көрүүгө» чакырды. Россиядан нефтини алып, кайра иштетип, Европага сатып жаткан Индияны күнөөлөгөн дипломат «бул Россияга салынган санкцияларды айланып өтүү» менен пайда көрүп жаткан Индияга каршы «Евросоюздун курамындагы өлкөлөр чара көрүүлөрү» керектигин айтат.

Евросоюз тыюу салган Россиялык нефти продуктыларын жүгүртүүгө чыгарууга  каршы санкция 5-февралдан тартып күчүнө кирген. Ага ылайык нефти продуктыларынын баалары жогору коюлуп, эч бир өлкө сатып ала албай тургандай бааларга такашкан.

Москва бул боюнча өзүнүн позициясын билдирип, «Евросоюз мамлекеттери бекер убара болуп жатышкандыгын, баары бир ортодогу далдалчы мамлекеттерден орус нефтисин өтө кымбат баада сатып алууга мажбур болушаарын» эскерткен.

Россия бүгүнкү күндө «санкциялардан коркпой тургандыгын, экономикасы ар кандай кысымга туруштук берээрин» сөз жүзүндө да иш жүзүндө да далилдешүүдө.

Россияга каршы «экономикалык кысымдар натыйжасыз» экендигин айрым өлкөлөр моюндарына алып жатышкандыктары менен жалпы Батыш өлкөлөрү мындай санкциялары туңгуякка кептелип калгандыгын моюндарына алганга эрдиктери жетпей келет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости