www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын вице-премьер-министри Рустам Азимов баштаган делегация Түркияда расмий сапар менен жүрөт. Өз булактар кабарлагандай, Мирзиёев аларга ири инвестиция жана насыя менен келүүгө көрсөтмө берген, бирок азырынча жыйынтыктар боло элек. Делегация Анкаранын расмий өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугууну улантууда.

Өзбек президентинин тапшырмасы боюнча делегация фармацевтикалык, тиричилик-химиясы жана текстиль өндүрүү боюнча бирдиктүү ишкана түзүү жана булгаары-галантерея өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү керек.

“Күн сайын түнкү саат 11де Мирзиёев министр жана элчилер менен селектордук жыйын өткөрүп, алардан инвестиция тартууну талап кылат. Мындан улам Азимов бардык ыкманы колдонуп, түрк инвесторлорун Өзбекстанга чакырууга аракет жасайт”, – деди өзбек аткаминерлеринин арасындагы өз булак.

Ташкент Стамбулдагы Түрк ишкерлер ассоциациясын Өзбекстанда инвестициялык климат жакшырганына ынандыруу аракетинде. Делегация өлкөдө эркин экономикалык зоналардын түзүлгөнү боюнча кеңири баяндама жасап берди.

Түркиянын өкмөтү жана ишкерлери менен болгон сүйлөшүүлөр жылуу маанайда өткөнү менен расмий Анкара дагы, түрк ишкерлери дагы өзбек тарапка инвестиция боюнча так жооп беришкен жок.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости