www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк Кызылайы Йемендин 4 облусунда согуштан майып болгон 500 кишиге тамак – аш жардам кампаниясын баштатты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Йемен Истикабе Кайрымдуулук Ассоциациясы менен бирге жүргүзүлгөн жардам кампаниясында биринчи болуп убактылуу борбор шаар Аденге караштуу Ел  -  Муалла районунда тамак  - аш пакеттери таркатылды.

Түрк Кызылайынын Йемен делегациясынын төрагасы Мустафа Айдын кампаниянын Аден, Хадрамевт, Мариб жана Таиз облустарында  согуштан өмүр боюу майып болгон кишилерге карата  экендигин  айтты.

Айдын  Түркиянын өзгөчө рамазан айында согуштан таасирленген йемендиктердин кыйынчылыктарын жеңилдетүү үчүн жардам бергендигин белгиледи.  

Түрк Кызылайы рамазанда Йеменде 14 000ге жаңы тамак  - аш пакетин таркатууну максат кылган эки кампания баштаган жана 5  - майда 500, 6 -  майда да 400 тамак  - аш пакетин таркатты.

БУУнун билдиргенине караганда дүйнөнүн эң чоң адамзаттык кризистери болгон Йеменде 22 миллондон ашуун киши жардам жана коргоого муктаж.

Булак: NazarNews.org

Последние новости