www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, төмөнкү судьялардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

— Нарын облусунун Нарын райондук сотунун судьясы Мамбеталиев Эркинбек Болотбековичтин, ал жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан жеке каалоосу менен бошотулду;

— Ош облустук сотунун судьясы Касымалиев Мыктыбек Камчыбековичтин, ал жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан жеке каалоосу менен бошотулду.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, 2020-жылдын 7-майынан тартып Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы Бекбаева Нурия Хусаиновнанын ыйгарым укуктары токтотулду.

Булак: NazarNews.org

Последние новости