www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Турсунбай Бакир уулун кепке тартып, кыргыз саясатындагы айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.

--Турсунбай мырза, депутаттардын өкмөттү сындап, жыйынтыгында кайра колдогон добуш бергени эмнеден кабар берет?

--Элдин добуштарын да, партиялык тизмеде орунду да сатып алган, экс-ажонун макулдугу менен Жогорку Кенешке келген азыркы депутаттардан башка эмнени күтүп жаттыңар эле?! Өкмөт менен Жогорку Кеңеш азыр «сен мага тийбегин, мен сага тийбеймин!» деген принципте иштеп жатышат.

--Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү финполиция тарабынан иликтөөгө алынды. Анын Куран кармаганы мааниге ээ болбой калдыбы?

--Куран кармап касам ичүү, талашууда аргумент катары колдонуу «светтик мамлекетте» эле эмес, ислам өлкөлөрдө да өтпөйт. Эгер эки мусулман талашып тартышып жаткан учурда чынчылдыгын далилдөө үчүн бир мусулман экинчисине Куранды колуна алып Аллахтын ысмы менен ант берсе ишеничтүү болот. Ажонун жобосу менен финансылык полиция, башкы прокуратура, салык кызмат, ИИМ, УКМКнын кызматкерлеринен тергөө комитети түзүлүп, Акаев, Убактылуу Өкмөт, Атамбаев учурунда жөнөкөй мамлекеттик кызматкерден кантип миллионерге, олигархка айланып кеткенин текшерип, уурдалган, тонолгон байлыктын баарын мамлекеттин казынасына кайтаруу абзел! Ар бир президенттик шайлоого ушундай программа менен катышчумун, ошондуктан да мага каршы аракеттер арбын болгон.

--Неге олигархтар парламентке барууга ашыгышат?

--Ыраматылык ажы энем «бай байга, бай айга жетемин деп жашашат!» деп айтып калчу. Биринчи орунда ыймандуулук эмес, а байлыктан пайда болгон текеберлик, менсирөө, бой көтөрүү болуп турса парламентке барбай кайда барышсын?! Анткени, бийликтин чокусуна келип алуунун, байлыгын коргоп, андан да байлыгын көбөйтүүнүн эң жөнөкөй жолу ушул болуп жатпайбы - биртке акчасын элге чачып аны кийин миң эсе, миллион эсе кайтарып алуу!

--Раим Матраимов парламентти чөнтөгүнө салып, өкмөттү өзү каалагандай калчагысы келип жатабы же анын байлыгы башкаларга тынчтык бербей жатабы?

--Раим Матраимовдон калышпаган чириген байлар парламентте олтурушса аларды кантип чөнтөгүнө салып алат?! Эгер Раим президенттик шайлоодон кийин ориентациясын алмаштырбаганда ага экс-президент Алмазбек Атамбаев өчөшмөк эмес. Кептин баары ушунда болуп жатат... парламентте Матраимовдон дагы байлар бар...айтылып жаткан сөздөр каралоо гана. 

--Акыркы мезгилде байлыгын эл менен бөлүшкөн, тагыраагы ыйлаган кишинин көз жашын аарчыган адамды да каралаганды жакшы өздөштүрүп алдык. Негизи байлар  тапкан байлыгын элге бөлүшүп турушу шартпы?

--Акылдуулар тапкан байлыгынан бир бөлүгүн элге дайыма таратып турат. Эгер динди түшүнгөн бай болсо - ал зекетти жылына байлыгынан бөлүп берип  турат. Түшүнбөгөн болсо - Робин Гуддун ролун мыкты ойногон олигарх болот!

Булак: NazarNews.org

Последние новости