www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туркиядан кылмыш иш козголуп качып кеткен Йылмаз Эртугрул Кыргызстанда өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, мамлекетибизди сызга отургузуп каалаганын жасоодо. Бул эргулга Өзбекстандын укук коргоо органдары эл аралык издөө жарыялаган. Биздин органдар Эртугрулдун кылмыш ишине көз жумуп, кармабай жатышат. Башкача айтканда бул эргул 2013-жылы Икрам Илмияновго жол таап, Ош - Баткен - Исфана жолунун тендерин утуп алат. Анан алкымы ачылып, Икрамдын колдоосу аркылуу 2015-жылы "Суусамыр - Талас - Тараз" жолун курууга жарыяланган 22 миллилон долларлык тендерди 17 миллион долларга бүтүрөм деп утуп алат. Мунун жол курган бир да техникасы жок.

Жайдак. Коколой гана башы бар. Анан ал 17 миллион доллардын 6 миллион долларын алып калып, Мирлан Исагалиев аттуу жаранга "10 милион долларга жол бүтөт, мен сага 11 миллион доллар берем" - деп көндүрөт. Анан кайра "таластыктар арка салып бер деп жатат, чыгым көбөйүп кетти" деген шылтоо менен бир километр жердин алдына кум шагыл төшөтпөстөн түн ичинде асфальт бастырып, ал жерден бир миллон доллар чыгарып алышат. Эксперттер 762 миң доллар мамлекетке зыян келгенин аныкташты. Натыйжада Эртугрулга кылмыш иши козголуп камалат. Бирок эки күндөн кийин чыгып кетет. Көрсө, 6 миллиондон мурунку Транспорт министри Жамшитбек Калилов менен Икрам Илмияновдун дагы алаканы ысыганы айтылууда.

Булак: "Фабула"

Последние новости