www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда жергиликтүү кеңештердин шайлоосу болуп өткөн. Бирок эң белгилүү партиялардын бири болгон “Адилет жана өнүгүү” партиясы Стамбул менен Анкара шаарында утулуп калганы дүйнөнү таң калтырды.
Түрк президенти Эрдоган: “жергиликтүү кеңештеги шайлоо мамлекет жана партия үчүн абдан маанилүү”, дегени менен утулуп калган партия тууралуу эл аралык деңгээлде ар кандай пикирлер жаратылды.
Бүгүн, 5-апрелде “Адилет жана өнүгүү” партиясы Стамбул шаарында өткөн шайлоого нараазычылыгын билдирген жана болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.
“Адилет жана өнүгүү” партиясынын төрагасы Али Ихсон Ёвуз: “болуп өткөн жергиликтүү кеңештин шайлоосун жокко чыгаруу боюнча арыз жазылды. Себеби айрым шайлоодон өтпөгөн адамдардын тизмелери “шайлоодон өттү” деп тизмеде катталып турат”, деп билдирди.
Эске сала кетсек, 4-апрелде Түркияда жергиликтүү кеңештердин шайлоосу болуп өтүп, белгилүү партия Түркиянын ири шаарларында утулуп калган. Учурда утулуп калган тарап добуштарды санап чыгуу талабын коюп, утулган партияга 12 миңден ашуун добуш кошулган. Добуштарды саноо так ушул таптарда улантылууда.
Булак: NazarNews.kg