www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШнын аскерлеринин Сириядан чыгарылышыбоюнча Орусиялык “Коммерсанть” гезитине атайын интервью берди.
Түрк лидери өз маегинде 2011-жылдан бери келаткан Сириядагы жарандык согушту токтотуу, аймактагы диний радикализм, экстремизмге каршы күрөшүү багытында Түркия-Орусия кызматташтыгына жогору баа берди.
Астана жолугушууларына негизделип бир катар жетишкендиктерге жетишилгендиги белгиленди. Америка аскерлеринин Сириядан чыгарылышы,ЭрдогандынАКШ Президенти Дональд Трамп менен болгон декабрь айындагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы экендиги айтылган. Бул чечим туура болгонун белгилөө менен Эрдоган бул чечимге АКШнын айрым атка минээрлерижана Батыштын саясатчылары тарабынан бут тозуулар жана каршы аракеттер болгондугун баса белгилеген.
Трамп-Эрдоган жолугушууларында Түркия Сириядагы согушту токтотуу, радикалдарды жана жикчилдерди куралсыздандыруу, талкаланып-бүлүнгөн экономиканы калыбына келтирүү, качкындарды өз журтуна кайтаруу жана Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотуу үчүн колдон келген баардык чараларды көрө тургандыгын билдирген.
Түркия президенти өз интервьюсунда “Америка аскерлеринин Сириядан чыгуусу Түркия-Орусия кызматташтыгын жаңы денгээлге алып чыгаарын айткан. Бул кызматташуулар Сирия мамлекетинин территориялык бүтүндүгүнө, экстремист-террористтердин уюму болгон Ислам мамлекетижана PYD\YPG, PKKныжок кылуу менен сириялыктарга тынчтык алып келет”-деди.
Өзгөчө Сириянын Түркияга жакын аймактарында PYD\YPG, PKK террористтик уюмдарынын карапайым күрт калкын коркутуу жолу менен кылып жаткан кылмыштарын айыптаган. Бул террордук топторду жок кылуу жана элдерге тынчтык алып келүү үчүн Түркия “Зейтун бутагы” аскерий операциясын ийгиликтүү жүргүзүп, Сириянын Африн шаарын террористтерден тазалагандыгы белгиленген.
Маегинин акырында Түркия күрт калкы менен эч кандай проблемасы жок экендегин билдирип, өлкөнүн коопсуздугу үчүн террорист-жикчилдер жана экстремисттер менен туруктуу күрөшө тургандыгын белгилеген. Сирия кризисин туура чечүү Астана жолугушууларына катышкан өлкөлөр тарабынан жараны ырбатпай, мунасалык жол менен гана мүмкүн экендигин айткан. Мисал катары, Сириянын Идлиб аймагындагы Орусия менен биргелешкен коопсуздук чаралары, алдын алуу иштери көрсөтүлгөн.
Булак:NazarNews.kg