www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы эрежелерге ылайык, Түркмөнстандын банктары жарандардын пластикалык карталарына түшкөн суммадан 1-3% кармап кала башташты.

Банктык кызматтар үчүн акча бардык жарандардан, анын ичинде айлыктары пластикалык карталарга которула турган мамлекеттик мекемелердин маяна эсептеринен да кармалууда. Эгер картага 3000 манатка (857 АКШ доллары) чейинки сумма түшсө, банк анын 1.12%, андан көп болсо 3% кармап калууда.

Акыркы айларда түркмөн банктары жеке жактардын пластикалык карталардан жана банк эсептеринен акча алууларына бир катар чектөөлөрдү киргизген. Аларга ылайык, картадан алына турган акчанын суммасы күнүнө 1000 манаттан, банк эсебинен алынчу сумма айына 3000 манаттан ашпашы керек.

Азырынча түркмөн бийлиги банк тарабынан киргизилген мындай чектөөлөр боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости