www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лебап облусунда жаңы аскерге чакырылган уландардан COVID-19 вирусу аныкталды. Алардын баары Түркмөнабаддагы ооруканалардын бирине жактырылды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Түркмөнстанда 18ден 27 жаш аралыгындагы жарандарды күзгү аскерге чакыруу өнөктүгү жүрүп жатат. Ал октябрдан декабрь айына чейин созулат.

«Биз уулубузду узатуу үчүн Түркмөнабад вокзалына чейин бардык. Ал жакта алгач COVID-19 вирусуна тест алынды. Уулумду дароо ооруканага алып кетишти. Коронавирус аныкталган дешти. Бирок балам вакцина алган. Уулум менен кездешүүгө уруксат берилген жок», — деди Лебап облусунун Магданлы шаарынын тургуну.

Буга чейин «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен Ашхабад, Гөкдепе шаарларындагы аскер бөлүктөрүндө коронавирус тездик менен тарап жатканын кабарлаган.

Кабарчылар бийлик аскер дарыгерлеринен, медайымдардан жана санитарлардан маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө тилкат алышканын аныкташкан.

Түркмөнстан бийлиги азыркыга чейин өлкөдө коронавирус илдети бар экенин мойнуна албай келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости