www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрү өрнөк элдик дарыгер

“Кыргыз эмне үчүн өнүкпөйт, эмне үчүн элибизден космонавт чыкпайт?” десе, “учайын десе эле шыйрагынан бирөөсү тартып калса, кайдан космонавт чыкмак эле?” деген тура бирөө. Арийне, бул икая анекдот болсо да, кептин төркүнүндө чындыгы жанашып тургандыгы баамдалат. Ооба, биз ушундай эл экенбиз. Жакшылыгыбызды ката салабыз, жамандыгыбызды баса калабыз.

Эрендер көтөрүлсө «бакыр» дейбиз, бакырчаагы чыга калса «баатыр» дейбиз. Ат үстүндө турганын шайлай салмай, ээрден кыйшая калса жайлай салмай бизге мүнөздүү адат. Болбосо кечээги эле өлкөбүздүн биринчи президентинин кел-кели келип турганда эмне деген керемет кептер чубуруп, эмне деген гана салыштырмалар шөккөттөлбөдү! Аны бүтүндөй түрк каганатынын аталыгына айланган Ататүрккө теңеп, Кытай мамлекетинин мамлекеттүүлүгүн түптөп, өлгүс-өчкүс эмгегин калтырып кеткен Мао Цзэдунга жанаштырып чыккандары да табылган. “Кыргыз элинин бактысы үчүн бир жаралган феномен” дегендери да чыккан. Аягы эмне болду? Ээрден кыйшая калганда жапатырмак басып жыгылдык.

Ошондон ушул убакка шыбаганыбыз шыбаган. Эл көңүлүнө толбогону да, түшүнүгү болбогону да, арабакечтен аракечке чейин Акаевди жекирип алмай жашап келет. Эгемендүүлүгүбүздүн алгачкы күндөрүндө кыйын кырдаал, зор мүшкүл башка түшүп, башчы таба албай карайлап турган кыйын кырдаалда тобокелдиги менен тоо ашып батынып, башчылыкка макул болгон эрдигин, эгемендүүлүгүбүздүн жаңы барагын ачып, дүйнөлүк аренада мамлекеттүүлүгүбүздү таанытып, демократиянын улуттук үлгүсүн коё алгандыгын эмне үчүн эскергибиз келбейт?

Мамлекеттик башкарууда бул көрүнүштөр эң негизги факторлор экендиги жалган эмес да. Мамлекетти башкаруу ички рынокту жөндөө менен ченелбейт. Өлкө президентинин орду тышкы саясатты, эл аралык кызматташтыкты жолго коюу менен бааланат. Бул багытта алгачкы президентибизге ыраазы болсок жарашмак. Тескерисинче, аны сүрүп чыктык. Ал оору ошондон ушул күнгө уланып келет. Өзүн барктай албаган эл өзгөдөн жылуулук таба албайт. Ушул нерсени терең кабылдасак болмок. “Канкор, зулум, кан ичкич” деп жектеп келген кийинки президенттин да мыкты сапаттары болгондугу төгүн эмес. Айрыкча ишбилгилиги, арбын тажрыйбасы, көрөңгөлүү таанымы болгонункантип танабыз?

Убагында ушуларды эле учура чаап, “башыбызга келген бактыбыз, баатырыбыз” деп бакырып жүрбөдүк беле? Кыргызстанга эки жылдык мөөнөттө 360 мектеп салдырып, канча бир аралык жолдорду зымыратып, кемшейип түшүп калган бюджетбизди толуктап койгон билгичтиктерин эмне үчүн атагыбыз келбейт? Ал эми Атамбаев Алмазбек туурасында арбын кеп айтсак жарашат. Аңгылынан дөңгүлү арбын, эсинен эрдиги көп Атамбаевди бир кезде кайсы бир ири саясатчы “кыргыздын жаңы Манасы. Ал – Манас” десе абдан күлгөм. Кийин ойлосом, анда мен эссиздик кылыпмын. Көрсө, ар бир доордун “Манасы” болот экен. Өлкөдө баарынан оор күрөш ал – коррупция, аны турмуш данистеп жатат. Айрыкча коррупционер менен күрөшүү жеңилге турбайт. Коррупционерге казат жарыялаган дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчы Саакашвилинин тагдыры акыры кандай аяктаганын көрүп жатабыз. Акыры коррупция жеңди.

Ал эми кыргыз тарыхына коррупционерге айбатын агыткан, аларды майлуу табактан сүрүп чыгарган Атамбаев болгондугу жалган бекен? Башкасын атабаган күндө да Конституциябыздын беренесин сактап, мүмкүнчүлүктөрү арбын болгондугуна карабай, президенттик кызматын өткөзүп бергендиги эрдик эмей эмне?! Бийликке келиш балким, оңой, ал эми кетүү оордун оору экени жалганбы? Дүйнөдө эмне деген лидерлер өлүп гана кызматын ашырып жүргөндөрүн көрүп эле жүрбөйбүзбү. Ага батынган адам батынат. Ошон үчүн Атамбаевде Манастын жүрөгү болгондур. Ошон үчүн ал Манастыр. Ал эми Атамбаевди Батукаевге жамап камакка алуу, кылмыш ишин улоо – күлкү ашырарлык оокат. Балким, Батукаевди кетирсе кетиргендир. Кетсе бир зулум, бандит, шылуун, ууру, наадан, кан ичкич кетип жатыптыр да. Ал кетип жатып Кыргызстандын жарымын эңшерип кеткен жок да.

Биз эмне Батукаевди барктап алып жүрүп, мөөнөтү аяктаганда кайрадан абактан чыгарып, кылмыштуу ишмердүүлүгүн кыргыз жергесинде кайрадан улантууга жол ачат белек? Болбосо, аны чыгарып алып ташбараңга алып өлтүрүп, “канкор эл” аталат белек? Же тирүүлөй куурдак кылып бышырып жеп тоюнсак туура болот беле? Ошондо эле турмушубуз майкөл-сүткөл болуп жатып калат беле? Кетсе кетиптир да бир ууру, андан эмнебиз кыйшайды? Аны жылма айдап салганын балким кубаттасак болмок. Мына эми андан бүтүндөй Россия кутула албай жатат.

Ооба, Атамбаевдин ат көтөргүс кемчиликтери да болбой койгон эмес. Алардын эң бир одоносу – мамлекеттин тагдырын тобокелдикке таштап, досу Сооронбай Жээнбековду ордуна алып клегендигин атаса да болот, аны өзү да белгилеп келгени бар. Ырас, турмушта жакшы жактары жок да пенделер кездешпей койбойт. Ушунчалык маанилүү кызматты аркалаганы менен өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбековду атай кетүүгө сыйпалап бир да жылуу маанай келтире албай турам. Дегеле досун саткан адамдан жакшылык издөө мүмкүн эместей туюлат. Тарыхыбызда Шералы хандын чокою делинген икая улам-улам эске келет. Койчумандан хан жасаган адамды өлүмгө буюрган Шералы акыры ал да өз жазасын алып, кутумдардын колунан мерт болгону ырас. 4 класстык билимине карабай Хрущёвду адам кылган Сталин анын колунан ажалын тапкан. Мындайлар тарыхта боло келген, бирок арам иштин ээлери акыры катаал жазаларын алышып, замананын парасына айланып жок болушкан. Балким, Жээнбековду да ошондой жаза күтүп тургандыр.

Ал эми Атамбаевди азыркы күндө да кармап жатыштын өзү уят. Аттиң, президенттерибизди кубалап кетирип жүрүп, кыргыз эли анчалык деле өнүгүп кете алган жокпуз. Тек гана намыстар менен бет кетип, дүйнөгө кенен кеп кетип, шылдыңга айландык. Баарыбыз пендебиз, пендечиликте ар бирибизден кемчилик кетет. Ага жакшы жагын, жаман жагын таразага салып, анан бүтүм чыгарсак жакшы болмок. Айрыкча өзүбүз ишенип шайлаган президенттерибизге астейдил мамиле кылсак жарашмак. Кептин арты кеп менен, кектин арты кек менен аяктайт. Ушул темпибиз менен кете берсек, жалаң жамандыктардан тарых курайбызбы? Айкөл, акпейил, көтөрүмдүү, сабырдуу, жылан келсе ак чачкан, душманына кызын берип, кекчилдикти эпчилдик менен чечкен улуттук мүнөзүбүзкаякта?

Анын ордуна күндө ундай майдаланып ушак менен, көралбастыктан себет токуп, сөөмөйлөрүбүздөн кан чыкканча чукулашып, токумдай нерсени тоо кылып, топтошуп алып ызылдашып, каалаган жерде кыжылдашып түркөй кыргыз болуп бараткан жокпузбу? Анын арты эмне менен аяктайт, туңгуюк... Бул жол менен бара берсек, бүгүн төбөбүзгө көтөрүп турган Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев мырзаларыбызга бачым эле ор казып берерибизге шек жок. Ушул эле таризде жакында коомубузда болуп өткөн эки урунттуу көрүнүш көөнүмдү оорутуп турганын жашыра албайм.

Анын бири кээ бир учурда коомчулукка чыга калып өтүгүн төргө иле калчу Өзбек аттуу ажы жөнүндө кеп салгым келип турат. Ойрону чыккан ишти кыргыз “оозумдан айлансын” деп коймою да бар. Ошентип койсок деле болмок. Бирок, ушул саам Өзбектин өзүмбилемдиги кокого жетип, кокуйлатып жатпайбы. Айланайын кыргыз, жерди жерге алыска узаган кыз таанытат, элди элге эр таанытаат. Улам пастап, чөгүп бараткан элибизди Айсулуу, Мээрим, Айпери кыздарыбыз төбөлөрүнө көтөрүп, кыргыз мамлекетинин байрагын дүйнөгө желбиретип, атагыбызды ааламга даңазалап салганын кантип тана алабыз? Өзбек ажы ага уялып жүзү кара болуп жатса, биз шапкебиз эмес башка нерсебизди да башыбыздан ашыра ыргытып, кубанып жатпайбызбы.

Бүтүндөй кыргыз элинин бул майрамына жаба түкүрүп, баатырларыбызды «окорочка» деп атаганга кантип оозу барат? Кыргыздын салттуу оюндарында «төө чечмей» деген мындан да курч мүнөздөгү тамашасы болгон. Өзбек ажы ал доордо жашап калса уялганынан муунуп өлүп калмак тура! Өзбек өз оозу менен аялдарынын санын ашырып, мырза болуп жүргөнүн даңазалаганын эшиткем. Андай эле намыстуу, абийирдүү, уяттуу болсо, ошол алган аялдарынын денелерин кароого кантип батынып жүрөт? Же осол айтканда, алган аялдарынын жанына чечинбей жатып, чечилбей туруп, бала жасап жүрөбү? Баса, «мен бала жасап, ошону менен кыргыз элине эбегейсиз киреше киргизип жатам» деп жатпайбы. Кудай акы, эркек болуп туулуп калган ар ар ким андай аракеттен куру эмес. Тооктун погун эндик деп, ит кумарыңды эрдик деп жүрсөң, сенин деңгээлиң түшүнүктүү, Өзбек! Аягында айтарым, ооздон айлан, атыңа затың жарашкан «кыргыз» эмес экениңди гана билдирип койдуң сен! Ал эми кыргыз элинин намысы, ары, сыймыгы болгон Айсулуу, Мээрим, Айпери кыздарыбыз баарыбызды эчен ирет дагы да кубантарына бөркүмдөй ишенем. Жашасын баатыр кыздарыбыз!

Ушундай эле көңүлдү кирдетүүчү дагы бир көрүнүш. Коомчулукта кээде-кээде азан чакырып, эл оозуна илинип «шер» экени билинип, өзүн таптакыр эркин сезип, элкин сүйлөп калган Ыдырыс аттуу журналист кесипкөйүбүз бар. Бир карасаң Чүйдө, бир карасаң үйдө дегендей, кашынганы кашынган, ашынганы ашынгандай туюмду жаратат. Бул ирет ал урунарга тоо таппай калганбы, кыргыз элинин кадырман карысы, айтылуу хирург Кыргыз Эл Баатыры Мамбет Мамакеев атасына асылып барып жатып калды. Баса, “атасы” деп ашыкча айтып алдым, жашы 90дон ашкан адамды “ата” дебей не дейбиз? Бир кызыгы, Ыдырыс ал адамды таптакыр билбеген жайы бар көрүнөт. «Мамбет Мамакеевди таптакыр билбейт экенмин» деп жатпайбы кашайып.

Республикабыздын аймагында сөөмөй менен санап алчу 7 кадырман адамыбыз болсо, ошолордун бири (а балким пири) Мамбет Мамакеев экендигин билбесе, анда журналисттин кадырман калемин көтөрүп, сыймыктуу кесиптин сыйын татыбай эле койбойбу? Журналисттин 4 көзү, 6 кулагы, татыктуу таанымы, бекем билими болбосо, анда андан журналист чыкпайт. Эмесе, билбесең билип алышың керек, Ыдырыс. Бул адам 30 миңден ашык адамга операция жасап, бул жаатта ааламда болуп көрбөгөн рекордду жаратып, «Гиннес» китебине кирип калган инсан.

Бул цифра 30 миң адамды аман алып калып, 30 миң адамдын өмүрүнө өмүр улаган деген түшүнүктү берет. Ушундан өткөн эрдик, ушундан өткөн мыкты эмгек барбы? Ошон үчүн сен жанында туруп алып какшап жаткан эстелик тирүүсүндө коюлуп, тирүүсүндө ыйгарылып жатпайбы. Андай эстеликтер баатырларга гана орнотулат. Туш тарапты карап алып “үрө” бергендерге эстелик орнотулса, сенин мекениңде даошондой эстелик турмак. Ал адамга салыштырмалуу сен өз тоогуңа (эгерде тоогуң болсо) тойгуза турган жем чачканың шек жаратат.

Ошондуктан ар качан бирөөнү сындаардан мурда өзүн күзгүдөн каранып коюу ашыкча болбойт. Сен атап, какшанып жаткан бейтапкананын аймагындагы 4 сотых жер кеп бекен? Бул адамга керек болсо өзү өмүр бою эмгектенген ошол бейтапкананы бүткүл аймагы менен белекке берсе да жарашмак. Эмгек түгүл эчендеген эл соргучтар деле 50 гектардан жер менчиктеп алышып, эриккенде кертип сатып ээн-эркин басып жүрүшпөйбү, беттери кызарбай. Аны кайда жашырабыз, кайда катабыз? Мамакеев аксакал 4 сотых жер алып койсо, дүйнө тарып каалагандай түшүнүктү жаратып жатабы? Ооба, эгерде ушул аракетиңди эрдик деп эсептеп жатсаң, мындан да мыкты эмгектериңе күбө болгон жайыбыз бар.

Асты көралбастыктын чеңгелинен бошой албагандар көрүнүктүү эмгек жарата албайт. Мына бир кезде тирүүлөй көмүп коюуга аракет кылган Райым Матраимовго жасаган аракеттериң кыргыз элине эмне берди? Болгону кыргыздын бир мыкты бизнесменине тоскоол жарата алды. Мына учурда эл баккан ал уулуна коомчулук эми зар болуп турганы баамдалат. Ушул көрүнүштөн соң өзүңө суроо таштасаң да болмок. Жаза турган, көтөрө турган проблемалар арбын. Жакшылыктарды даңазалоо да зор эмгек. Асты үрө берип иттин илбирске айланып кеткенин көрө элекмин.

Тек гана ал «тажаал ит» деген аты менен калат. Аттиң, мен сүрөтчү эмесмин. Болбосо, бир элес улам-улам кайталанат. Сенин Мамакеев аксакалдын алдында туруп алып тапанданып жатканың жугундуга арбын тоюп, ээсине таянып алып, жолборско үрүп жаткан күчүктүн элесин берет. Балким, сүрөтчүлөр ушул сүрөттү тартып калышаар... Арийне, бул кайрылуум жеке гана кай бир жарандарга ыйгарылган икая эмес. “Коомчулук, калыс кебин айта жүрчү карылар, жүрөгүңдө жалын ойноп турчу жаштар, силер кайдасыңар?” деп сурагым келет. Өзүбүздүн жамандыгыбызды өзүбүз чукуп, кошуналарга «кокуй эл» атанып, көралбастыкты көзүр кылып жүрүп жакшы атана албайбыз. Өзүн сыйлай албаган эл өзгөгө жарык чача албайт.

Арабыздан короңдап чыга калган анча-мынча Телибайларды этекке чаап туруу да элдин милдети. Бул парасат ата-бабадан келе жаткан үлгү. Аны эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ачуудан чыккан кепке, анча-мынча орой салыштырууларым үчүн кечирим сурайм. Жан кашайып жатпайбы, түгөнгүрдүкү!

Булак: Азия News гезити

Последние новости