www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне үчүн Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде кадрлардын алмашуусу байкалууда. Алардын айлыгы канча, деп сурады БШКнын депутаты Таалайбек Сариев Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында.

«Участкалык комиссияларда резерв бар. Төрага 4 миң сомдон, автоматташтырылган башкаруу системасынын операторлору 3 миңден, калган кызматкерлер 2,5 миң сомдон айлык алышат», - деди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жетекчиси Айбек Стамов.

Депутат Сариев мынча айлык менен ал жерде ким иштей турганын сурады.

«Сметаны БШК Каржы министрлиги менен макулдашкандан кийин бекитет», - деп жооп берди Стамов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости