www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Жапаров бир катар дүйнө лидерлери менен жолукту

Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бир катар мамлекеттин жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу басма сөз кызматы маалымдады.

Жапаров Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир, Армениянын президенти Армен Саркисян жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы жолугушууларда лидерлер эки тараптуу кызматташуу жөнүндө сөз болгонун билдирди.

Президент Садыр Жапаров Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир менен жолугушууда суу энергетикалык потенциалынын 15% гана пайдаланып жатканын белгилеп, өлкөдө 200гө жакын кичи жана 30 ири ГЭС курууга болорун билдирген.

"Эгерде биз бул ГЭСтерди курсак, анда Кыргызстан толугу менен электр энергиясына өтүп, мазут же көмүрдөн баш тарта алат”, - деди.

Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммити башталды. Ага катышуу үчүн 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Британияга келди. Саммитте Жапаров мөңгүлөрдүн азайышын, суу маселесин көтөрөт.

Глазгодогу саммит алдында Римде "Чоң жыйырмага" кирген мамлекет башчыларынын саммити өткөн. Ага катышкан өлкөлөр атмосферага чыккан уулуу газдардын көлөмүн нөлгө түшүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегияларын 2030-жылга чейин иштеп чыгууну макулдашкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости