www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы Худайберди Аллашов менен апасы Курбантач Аразмедова эки жарым ай камакта жаткандан кийин эркиндикке чыгарылды.

«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы Дашөгүз облусундагы булагына таянып билдиргендей, журналист менен апасы сот залынан 15-февралда бошотулган. Алар насвай сактоого айыпталып, шарттуу түрдө үч жылга соттолушту. Учурда Аллашов менен апасы Куняургенчтеги үйүндө, бирок үйү дагы деле укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө турат, алардын бардык байланыш каражаттары алынган.

27 жаштагы Худайберди Аллашов 11 килограмм насвай сактоого айыпталып өткөн жылдын 3-декабрында кармалган. Журналисттин жакындары менен күбөлөр айыптоолор жалган экенин жана Худайбердинин үйүндө өзүнүн пайдалануусу үчүн сакталган жалпы салмагы 20 килограммды түзгөн бир нече баштык насвай табылганын билдиришкен.

Эркин Европа/Азаттык радиосу «Азаттыктын» түркмөн кызматы менен кызматташып жүргөн Худайберди Аллашовдун 2016-жылдын октябрынан бери куугунтукка дуушар болушун анын журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт. Маалыматтарга караганда, Аллашов кармалгандан кийин полиция кызматкерлери аны сабап, электр тогу менен кыйноого алышкан.

АКШнын расмий өкүлдөрү, укук коргоо уюмдары журналисттин тагдырына тынчсызданууларын билдирип, түркмөн өкмөтүн аны тез арада бошотууга үндөшкөн.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости