www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстандын бардык министрликтеринде, мекемелеринде жана мамлекеттик ишканаларында пенсия курагындагы кызматкерлер жумуштан алына баштады. Бул тууралуу «Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» басылмасы билдирүүдө.
Маалыматка караганда, пенсия курагындагы жарандар өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өткөн жылдын ноябрындагы көрсөтмөсү боюнча иштен алынууда. Басылма өлкөнүн Туризм боюнча мамлекеттик комитет башчысынын кары кызматкерлерди кетирип, алардын ордуна жаш адистерди алуу тууралуу буйругун жарыялады.
Өлкөдө пенсия курагындагы жарандардын жапырт жумуштан алынышы миңдеген үй-бүлөнү тиричилик кылууга каражаты жок калтырышы мүмкүндүгү айтылууда. Анткени жаштардын арасындагы жумушсуздукка байланыштуу үй-бүлөлөрдүн көбүнүн материалдык абалы улуу муундагылардын кирешелерине түздөн-түз көз каранды.
Өткөн жылы өлкөнүн мунайгаз комплексиндеги айрым ишканалар менен уюмдар жоюлуп, улуттук экономика тармактарына таандык болгон мекемелердеги жумуш орундары кыскартылган.
Булак: "centralasian.org"