www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Турсунбай Бакир уулу менен байланышып, депутаттардын спикерге айткан сындары боюнча пикирин уктук.

--Турсунбай мырза, спикер Дастан Жумабековго көбүрөөк сындар айтыла баштады. Спикер калыстыктан тайдыбы?

--Спикер - чоң саясий фигура болушу керек болчу. Өкүнүчтүүсү, Кыргызстанда күчтүү спикерди бир да президент каалабайт. Ага мисал чекеден чыгат. Аскар Акаев да мезгилинде Медаткан Шеримкулов күчтүү спикер болгону үчүн, легендарлуу Жогорку Кеңешти тараткан. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев да Акматбек Келдибековду спикерликтен түшүртүп салган.

А Дастан Жумабеков, Чыныбай Турсунбеков сыяктуу спикерлер Президентке ыңгайлуу. Анткени, алардын кызыкчылыгы өзүнүн креслосун гана сактап калуу. Ошол үчүн алар жалпы парламенттин эмес, а ажонун гана камчысын чаап жүрүшөт.

--Ажонун камчысын чапса, анда неге депутаттар парламенттин таламын талашпай, өкмөткө адвокат болосуң деп айыптап жатышат?

--Өкмөттү бекитип жатканда эле депутаттар алсыздыгын көрсөтүшкөн. Анткени, «Президент айттыбы, биз ляппай деп аткарышыбыз керек» деген ойдо болушкан. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында Исмаил Исаков экөөбүз гана премьер-министрлерди бекитүүдө ачыктан ачык каршы чыгып жүргөнбүз. Мисалы, ошол эле Жантөрө Сатыбалдиевди премьерликке шайлап жатканда трайбализмден жогору туруп, биз каршы гана добуш бербей, ачык  сындаганбыз. Бирок азчылыкта болуп калганбыз.

Эмне үчүн муну эскерип жатамын? Шайлаш - оңой, кызматынан алуу - эбегейсиз кыйын! Депутаттар шайлаардын алдында ойлонушса болмок. А кызматка бекитип койгондон кийин - өкмөттү же премьерди отставкага кетирүү аябай кыйын. Ошого көзү жеткен спикер Ажо менен мамилесин сактап калуу үчүн өкмөттү колдогондур...

Булак: NazarNews.org

Последние новости