www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жөнөкөй дарыгерлерге караганда элдик дарыгерлер көп адамдарга пайдасын тийгизген да учурлар бар», - деди бүгүн, 23-апрелде NazarNews маалымат агенттигине мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун.

- Турсунбек мырза, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уу коргошун менен COVIDди  дарылайбыз деп, түз эфирден уу коргошун ичкени коомчулуктун сынына кабылды. Анын бул аракетин медицинаны кадырын кетирди дегендер да болду. Эми ал бул кадамы үчүн кызматынан четтеп, тийиштүү жазасын алышы керекпи?

- Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев лабораториядан өтпөгөн, клиникалык тешерүүдөн өтө элек уу коргошунду түз эфирде ичип, 300дөн ашык кишини COVIDден айыктырдык, бул дары чөп менен пневманияны да айыктырса болот деп чоң катачылык кетирди. Анысы аз келгенсип, «уу коргошундун рецебин бир гана президент билет. Ал киши менен кеңешип иштеп жатабыз» деген сөздөрдү айтты.

Бул министрдин айта турган сөзү эмес. Алымкадыр Бейшеналиев бул аракети менен өзүн эле сөзгө калтырбастан, президентке да көлөкөсүн тийгизди. Президент ыраматылык атасынан уу коргошунду кантип пайдалануу боюнча үйрөнсө үйрөнгөндүр. Зарыл болгон мезгилде ичсе ичкендир. Кыргыздар жоокер калк болгону үчүн илгертеден эле дарылык касиети күчтүү чөптөр менен элди, жарат алган жоокерлерди дарылап келе жатышат.

Жөнөкөй дарыгерлерге караганда элдик дарыгерлер көп адамдарга пайдасын тийгизген да учурлар бар. Бирок, азыр илим, техника, медицина өнүккөн мезгилде кооптуу чөптү колдонуудан сак болушубуз керек. Анткени, элдик дарыгерлердин көпчүлүгү уу коргошундун дарылык касиети бар экенин айтышканы менен аны бардык адамга бирдей өлчөмдө берүү мүмкүн эмес экенин айтышууда. 

Балким, президент Садыр Жапаров кыргыздын каада-салтын билген жана патриот адам катары уу коргошунду пандемияда колдонсок, элдин саламаттыгын сактоого пайдасы тиймек деп жакшы ойдо айтса айткандыр. Бирок, президент врач эмес да. Ал Алымкадыр Бейшеналиевдей болуп, 7 жыл окуп, медициналык билим алып, кандидаттыгын, докторлугун жактаган эмес да. Президент сунуш кылган күндө да бул дарыны пайдалануу үчүн клиникалык текшерүүдөн өткөрүп, проба алып, илимий жактан негиздеп, адамдарга тиешелүү эксперимент жүргүзүш жана дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдарынын таанышы керек экендигин президентке айтышы керек эле. Кыскасы, Алымкадыр Бейшеналиев бул аракети менен президенттин да аброюна шек келтирип, медицинанын алдында өзү да уят болду.

- Эми министр кызматтан кетиши керекпи?

- Мен министрди кызматтан кетсин деп айталбайм. Бирок, моралдык жактан кантип иштейт деген маселе бар. Анткени, аны ал кызматка татыктуу эмес дегендер четтен чыгып жатат.

Ал турсун министрдин олдоксон ишинен улам Дастан Бекешевге окшогон депутат сөрөйлөр президентти шылдыңдап, «докторлук наам бериш керек. Дарыны баланча деп аташ керек» деп президенттин аброюна шек келтирип жатышат. Мен алардын мындай шылдыңдоосун колдой албайм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости