www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дары чөп менен шишиктерди таратып, арыктоонун жолдору

Үч түрлүү чөптү аралаштырып, чай сыяктуу демдеп ичсе, денеси шишигендерге жардамы тийет. 100 грамм: жалбыз, чай чөп жана ыңдоону демдеп үч маал ичет. Дененин холестеринин чыгарат, бети, колу, буту, ичи көөп, шишигендердин шишиги бат тарап, бат-бат сара кылат да арыктаганга да көмөк көрсөтөт. Чөптөрдү таза, адам, машине, айбанат жок жерден терет.

Чай чөп (зверобой)

Кургак, тоолуу жерлерде өсөт. Жалбырактары майда-майда. Сабагынын башында, кичинекей сары гүл ачат. Май-июнь айында терип алыш керек.

Ыңдоо (репа)

Талаада, огороддо,арыктын четинде 70-80 см өсөт. Ачык сары гүл ачат, майда-майда бутактарында ийнедей жалбырактары бар, бирок тикенек эмес колго сайылбайт. Түбүндө чоң жалбырактары бар. Июнь, июль айларында өсөт, орустар репа дейт.

Жалбыз (мята)

Суулуу жерге өсөт, боюу 10-20 см болгондо үзүш керек. 3 чөптү кургатып, аралаштырып, граммын бирдей кылыш керек. Бардык ооруга колдонсо болот.

Жалбыз чөбү кан тамырларга, жүрөккө, жүрөктүн кан тамырына, баштын кан тамырларына дары болот. 1 күндө 3 жолу 1 стакан он күн кургатып чайдай ичет. Башы, жүрөгү ооругандарга өтө жакшы жардам көрсөтөт. Жалбыздан сүйкөөчү май жасаса болот: 1 чоң боо жалбыз чөптү терип, салкын сууга чайкап, майда туурап, 2 литр сууга 20-30 минута кайнатып, сүзүп алып, сууну кайра кайнатып, 0,5 литр сызгырылган куйрук майды аралаштырып, дагы 10-15 минут кайнатып, суутуп, муздаткычка коюп, эртеси идишти бир жагына кыйшайтса, астында калган суу агып сүйкөөчү май калат, ал майды тери жараларына сыйпаса айыгат. Жалбыз: «Ким мени 3 канат кезимде жесе, 1 жылга ден-соолугун сактайм» - дептир. Жалбызды терип, жууп-тазалап 1 чыныдан жедирсе пайда.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости