www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чек араны тактоодо калпыстыкка жол берилди деп нааразычылык акцияга чыккандарды чыркыраган кыргыздын азаматтары ойготуп жатат деп ойлойм», - деди бүгүн, 23-апрелде NazarNews маалымат агенттигине экс-губернатор Мамат Айбалаев.

- Мамат агай, эмнеге Ташиевдин чек ара маселесин чечем деген аракети сынга кабылды? «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанына боз үй тигип, нааразычылык акциясына чыккандарды бийликти алсыраткысы келгендер уюштуруп жаткан жокпу?

- Ташиевдин чек ара маселесин чечүү аракетине каршы болуп, жергиликтүү тургундардын нааразычылык акцияга чыгышы жаңы бийликтин бул маселени чечүүгө шашканынын кесепети болду окшойт. Элибизде жакшы сөз бар, «шашкан шайтандын иши» деген. Ошон үчүн чек ара маселесин чечүүдө шашпай, дыкаттык менен иликтеп, жергиликтүү элдин пикирин да угушу керек. Эгер эл нааразы болуп, калпыстыкка жол берилип, туура эмес чечилип калган болсо, ал келишиминен официалдуу түрдө баш тартыш керек. Андан башка жол жок. Анткени, чек ара маселеси элдин нааразычылыгын эске албай чечилип калса, эл кечирбейт.

- «Кемпир-Абад» боюнча нааразычылык акциясына чыгып жаткандарды бийликке каршы топтор уюштуруп жатабы же эл ата-бабадан калган жерди бербейбиз деген талап менен өздөрү чыгып жатышабы?

- Чек араны тактоодо калпыстыкка жол берилди деп нааразычылык акцияга чыккандарды чыркыраган кыргыздын азаматтары ойготуп жатат деп ойлойм. Ошон үчүн аларды күнөөлөштүн кажети жок. Анткени, алар да кыргыз элинин балдары. Кыргыз элин, жерин сүйгөндөр. Алар бийликти бул маселени шашылыш чечип, калпыстыкка жол берип албагыла, жергиликтүү тургандардын да пикирин эске алгыла, эл менен да акылдашкыла деп туура маселе көтөрүп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости