www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мурдагы бийликтегилер завод, фабрикаларды сактап калышса болмок”, - деди NazarNews маалымат агенттигине жазуучу, котормочу Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ильгиз Гилязетдинов.

--“Кыргызстанда жумушсуздук күч алганда мекендештерибиз чет өлкөлөргө кетип калышты. Бир жагынан караганда алар дагы оокат кылышы керек. Бирок алар мекенге кайтып келгендери жакшы болмок. Азыр биздин жаштарга дагы боорум ооруйт. Чындыгында алган айлык маяна аябай аз. Ал эч нерсеге жетпейт. Бизде Совет доорунда завод, фабрикаларды иштетип алып калышыбыз керек болчу. Кандай гана тигүү цехтери болгон. Ошолордун баарын талап-тоноп кетишти. Жеп-ичкен чоңдор азыркыга чейин өздөрүнүн жазасын алышкан жок. Биздин мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн чоң кемчилиги мамлекеттик чоң ишкана, заводдорду сактап калбагандыктары. Азыр канчалаган адамдар жумуш менен камсыз болушмак”, - дейт жазуучу.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости